Өзбекстандын энерго системасындагы мүмкүн болгон авария Кыргызстанга залакасын тийгизбейт

Өзбекстандын энерго системасындагы мүмкүн болгон авария Кыргызстанга залакасын тийгизбейт. Бул тууралуу novosti.kgге Улуттук электр тармактарынан билдиришти.

 

Компаниядан ишендиришкендей, өлкөдөгү бардык ресиверлер кадимки тартипте иштеп жатат. Борбордук Азия мамлекеттерин бириктирген энерго шакектин ишинде кандайдыр бир бузуулар жок.

 

Эске салсак, Өзбекстандын Энергетика министрлиги өлкөдө блэкаут тууралуу эскертип, аймактык ишканаларга электр энергиясын колдонууну азайтууну сунуштады.