Жылуулукка тариф боюнча жаңы норма сунушталды

Энергетика министрлиги жылуулукка тарифтин жыл сайын көтөрүлүшү 25 пайыздан ашпашы керек деген норманы алып салууну сунуштоодо.

 

Документтин долбоору талкууга коюлду. Анда баалар жылуулук же электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө жана бөлүштүрүүгө кеткен чыгымдарды толук чагылдырышы керек деп айтылат.

 

Ал эми тарифти жылуулук энергиясынын толук наркына жеткирүү үчүн 25 пайыздык босогодогу норманы күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.