Өлкөдө орточо айлык 17 миң 926 сомду түзөт

Өлкөдө орточо айлык 17 миң 926 сомду түзөт.  Январдан сентябрга чейинки маалыматтарды Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, өткөн жылга салыштырмалуу, маяна орточо эсеп менен 9,2 пайызга жогорулады.

 

Кыргызстанда эң эле көп айлыкты каржылык ортомчулук, камсыздандыруу, маалымат жана байланыш, ошондой эле кен казуу тармактарынын жумушчулары алат.

 

Алардын маянасы 35 миң сомдон кем эмес. Эң аз айлык искусство, саламаттыкты сактоо жана билим берүү кызматкерлеринде – айына 14 миң сомдон ашпайт.