Жогорку Кеңеш депутатына талапкерлерде жогорку билими бар экенин тастыктаган диплому болушу шарт

Жогорку Кеңеш депутатына талапкерлерде жогорку билими бар экенин тастыктаган диплому

болушу шарт. Шайлоо тууралуу мыйзамды парламент кабыл алды. Такталгандай,

мындай талаптар бир мандаттуу жана партиялык тизме менен ат салышкандарга тиешелүү.

Ошондой эле талапкерлер добуш берүүгө 40 күн калганда өздөрүнүн жана жакын

туугандарынын кирешесин жана анын булагын көрсөтүп, декларация тапшырууга миледеттүү.

Белгилеп кетсек, 36 депутат бир мандаттуу, 54ү партия ичиндеги талапкерди тандоо менен шайланат.

Босого чеги 3төн 5 пайызга көтөрүлдү. Ар бир төртүнчү депутат аял болсун деген квота киргизилди