Кытай Кыргызстанга кезектеги гуманитардык колдоо көрсөтөт

Кытай Кыргызстанга кезектеги гуманитардык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кытай тарап биздин өлкөгө 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын жана грант түрүндө 54 миллион доллар тапшырат.

 

Каражат республикада инфраструктураны жакшыртууга багытталат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ошондой эле, биздин өлкөгө кайтарымсыз негизде 150 миң доза вакцина берүү боюнча макулдашуу жетишилди.