Россия Кыргызстанга 100 миң изилдөөгө ПЦР тест-системаларын жана көчмө лаборатория тапшырат

Россия Кыргызстанга 100 миң изилдөөгө ПЦР тест-системаларын жана көчмө лаборатория тапшырат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Андан тышкары, Россия медицина кызматкерлерин эпидемиология, инфекциялык ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча окутууда колдоо көрсөтүүгө даяр.

 

Кыргызстан ошондой эле, россиялык вакцинаны алуу, кыргызстандык мигранттарды массалык эмдөө боюнча жардам сурап кайрылды.