Кыргызстан мектептеринде медициналык кабинеттер пайда болушу мүмкүн. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул ар кандай оорусу бар балдарга мектепке келип окуусуна шарт түзөт.
Мед.кабинеттер 2022-23-окуу жылында ачылат деп пландалууда. Ошондой эле, мектеп штатына медициналык кызматкер бекитилет. Тиешелүү кабинеттерди түзүүгө жалпысынан 387 миллион сом талап кылынат.