Владимир Путин кайрадан мигранттардын Россияда жүрүү мөөнөтүн узартты. Буга чейин документ 2020-жылдын декабрына чейин болсо, Путин аны 2021-жылдын 15-июнуна чейин узарткан.
Бул дата жакындап калганда миграция борборлорунда Россияда убактылуу жүрүү уруксаатын узартууну каалагандардан узун кезектер жаралды.
Андан улам, мөөнөт 30-сентябрга чейин жылдырылды. Тагыраак айтканда, ушул убакка чейин документтерин узарта албай калган чет элдиктер Россиядан депортацияланбайт.