Кыргызстан менен Ирандын ортосунда жүк ташуу жеткиликтүү болот

Кыргызстан менен Ирандын ортосунда жүк ташуу жеткиликтүү болот. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка» билдиргендей бул үчүн Иран өкмөтү кыргызстандык ишкерлерге транзиттик жер тилкесин бөлүп берет.

 

Министр учурда Кытай дүйнө жүзү менен логистикасын токтотуп койгондуктан, башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда дагы чийки заттын тартыштыгы байкалып жатканын кошумчалады.

 

Транзиттик аймак Ирандын Перс булуңундагы Бандар-Аббас шаарында ачылат.