Кыргызстанда жыл башынан бери 94 миллиард сом салык чогултулуп, план 102 пайызга аткарылды. Мамлекекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 30 миллиард сомго көп.
Пландын ашыкча аткарылышы экономиканын бардык тармактарында мониторинг жүргүзүү жана бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча иштерге байланыштуу болду.