Баткенге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 100 миллион сомдон ашык түштү.
Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн эртең мененки саат 10:30га карата 100 миллион 192 миң сомдой чогулду.
Мекемеден ишендиришкендей, бардык каражаттар Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын жайгашкан айылдарын жана райондорун калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларга жумшалат.