Эки айда 26 миллиард сомдон ашык салык жыйналды

Быйылкы жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы бюджетке 26 млрд 85,1 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады.

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бекитилген план 103,9 %га аткарылды же 987,3 млн сомго ашык чогултулду.

«2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 11 млрд 890,5 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 183,8 %ды түздү», — деп айтылат маалыматта.

Анын ичинде февралда 15 млрд 758,9 млн сом салык жыйналды.

План 2,4 %га же 367,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2021-жылдын февралына салыштырмалуу 8 млрд 120,3 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 206,3%).