Бишкекке ноябрда көп орундуу автобустар келет.
Мэриядан билдиришкендей, муниципалитетте түркиялык
автобустарды жеткирүү боюнча меморандумга кол коюлду.
Ага ылайык, 2021-22-жылдар ичинде өлкөгө 300-350 автобус
жеткирилет. Коомдук унаалардын узундугу 12 метрди түзөт.
Унаалар дүйнөлүк стандартка жана жүргүнчүлөрдү ташуу
талаптарына жооп берет, — деп белгилешти калаа бийлигинен.