Чиновниктердин кирешеси жана чыгымдары боюнча декларациялар кийинки жылы гана жарыяланат

Чиновниктердин кирешеси жана чыгымдары боюнча декларациялар кийинки жылы гана жарыяланат. Бул тууралуу 24 агенттигине Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

 

Белгилеп кетсек, бул жылы карантинге байланыштуу, 2019-жылга Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын апрель айына чейин узартылды.

 

Ошондо жарандар 2019-2020-жылдарга дароо эки декларация тапшырышы керек болот. Бул эреже бардык физикалык жактарга тиешелүү, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер да бар.