Ысык-Көлгө ички аба каттамдар 25-июндан тарта аткарылат деп күтүлүүдө

Ысык-Көлгө ички аба каттамдар 25-июндан тарта аткарылат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу novosti.kgге “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Алсак, Жалал-Абаддан Тамчыга учактар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү учат. Ал эми Ош-Тамчы каттамы шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат. Күтүлгөндөй, мындай жүгүртмө туристтик сезондун аягына чейин сакталат.