Кыргызстанда 1-июлдан тартып май куюу станцияларынын 62 пайызы жабылышы ыктымал

Кыргызстанда 1-июлдан тартып май куюу станцияларынын 62 пайызы жабылышы ыктымал.

Кеп, автоматташтырылган башкаруу системасы орнотулбагандар тууралуу болуп жатат.

Бул тууралуу Суюлтулган газ тармагы боюнча ишкерлердин Кыргыз Ассоциациясынын төрагасы

Эсен Бакиров билдирет. Анын айтымында, 1 миң 38 май куюучу жайдын 640ында аталган

система орнотула элек. Мындан улам мамлекеттик салык кызматы

тиешелүү чараларды көрүүгө аргасыз болот.