Өлкөдө айрым кызматкерлердин дем алыш күндөрү кыскартылат.
Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Ага ылайык, чечим мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарына тиешелүү. Аталган кызматкерлерге 22, 28, 29-март, 4, 5, 7, 11, 12-апрель
иш күндөрү деп белгиленди. Бул чечим коронавирус инфекциясынын өлкөгө
жайылышына жол бербөө үчүн кабыл алынды. Муну менен катар бюджеттик
мекемелерди тейлеген коммерциялык банктар да аталган күндөрү иштешет.