Кыргызстан Түркияга дарыгерлерин жөнөтүүгө даяр

Кыргызстан Түркияга жер титирөөдөн жараат алгандарга жардам берүү үчүн өз дарыгерлерин жөнөтүүгө даяр.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушууда айтты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан жабыркагандарга медициналык, дары-дармек жана медициналык буюмдар жактан жардам көрсөтө алат.

Түркия менен Сирияда 6-февралда катуу жер титирөөдөн мерт болгондордун саны 7200дөн ашты.

Түркиянын өзүндө набыт кеткенде 5400гө жетип, 32 миңден көп киши жараат алды.

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркагандар бар-жогун тактоо иштерин улантууда.

7-февралда Адана шаарында кыргызстандык келин жараат алганы, ал ооруканадан медициналык жардам алып чыкканы расмий кабарланган.