Ишкерлер мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөр болсо Башкы прокуратурага кайрыла алат

Ишкерлер жана инвесторлор ишмердүүлүгүнө мамлекеттик, укук коргоо жана ыйгарым укуктуу органдардын негизсиз кийлигишүүсү үчүн Башкы прокуратурага кайрыла алышат.

Негизги көзөмөл органында Ишкерлердин укуктарын көзөмөлдөө башкармалыгы бар.

Ага кайрылгандар өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого ишене алышат.

Ведомство мамлекеттик жана муниципалдык органдардын бизнеске карата бардык негизсиз аракеттерин токтотот.

Тиешелүү иштер республиканын облустук, шаардык жана райондук прокуратуралары тарабынан да жүргүзүлөт.

Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча ишеним телефондору — (0312) 88-90-33, 0500 19-20-54.