Кыргызстан тышкы карызынын 77 миллион долларынан кутулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Ал эми ички карыз тескерисинче, 2 миллиард 347 миллион сомго көбөйдү. Алсак, жыл башында ички бересенин суммасы 62 миллиард сом болсо, ноябрда 65 миллиардга өскөн.
Тышкы карыздын көлөмү январда 4 миллиард 221 миллион долларды түзсө, 11 айдан кийин сумма 144 миллиард сомго азайган. Муну азыркы курс менен улуттук валютага которгондо 352 миллиард сомдун тегерегинде болот.