Өлкөдө эки айга жете турган ун бар

Өлкөдө эки айга жете турган ун бар. Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынан кабарлашкандай, комбинаттарда калкты 1,5-2 айга камсыз кылуу үчүн ун жана дандын кору бар.

 

Маалыматка ылайык, буга чейин түзүлгөн келишимдер боюнча дан Россиядан ташылып келүүдө. Эгер унду жеткирүүдө көйгөй жаралбаса, сыртка мыйзамсыз чыгарылбаса Казакстандын чек аралары жабылып турган мезгилде дагы элди ата мекендик ун менен камсыз кылуу мүмкүн, — деп белгилешти ун өндүрүүчүлөр.