Санариптик өнүктүрүү министрлиги TikTok’ту бөгөттөөдө техникалык кыйынчылыктарга туш болууда

Санариптик өнүктүрүү министрлиги TikTok’ту бөгөттөөдө техникалык кыйынчылыктарга туш болууда. Бул тууралуу “Азаттык” Маданият министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимовго шилтеме берүү менен билдирди.

 

Анын айтымында, иш аягына чыга элек жана TikTok’ко тыюу салуу чечими өзгөрүүсүз турат.

 

Чиновник ошондой эле социалдык тармактын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана компания Кыргызстандын талаптарын аткара электигин кошумчалады.