Кыргызстан жана Тажикстан чек арасын тактоо жакынкы арада башталат

Кыргызстан жана Тажикстан чек арасын тактоо жакынкы арада башталат. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, бул тууралуу эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын отурумунда айтылды. Топографиялык топтор тактала элек тилкелерди аныктоо иштерине киришти.

 

Белгилүү болгондой, эки тарап маселелерди тынч жол менен чечип, келечекте жаңжалдарды чыгарбоо үчүн аракет көрүү тууралуу макулдашты.