Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны коңшу өлкөнүн Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

 

Министрлер кабинетинен маалым болгондой, тараптар тактала элек аймактар боюнча биргелешкен изилдөө иштерин жүргүздү.

 

Белгиленгендей, калган аймактарды тактоо боюнча иш Кыргызстандын аймагында боло турган кийинки жолугушууда уланат.