Кыргызстан менен Мальдив аралдары визасыз режим боюнча келишимге кол коюшту

Кыргызстан менен Мальдив аралдары визасыз режимди киргизүү боюнча келишимге кол коюшту.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Документте эки өлкөнүн жарандарын 30 күнгө чейин визалык талаптардан бошотуу каралган.

Келишим эки республиканын аймагына кирүү, чыгуу, транзиттик жана убактылуу жүрүүнү камтыйт.