Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айда 8,4 пайызга кымбаттады.
Учурда өлкөдө көмүрдүн бир тоннасы орточо эсеп менен 5 миң 600 сомго барабар.
Кара отунга болгон эң жогорку баалар Ноокатта — тоннасы 10 миң сом,
Баткенде – 9,5 миң сом жана Исфанада – 8 миңден сатылууда.
Муну менен катар минималдуу чекене баалар Чаек айылында – тоннасы 3 миң сом,
Балыкчыда– 4 миңден, Нарында – 4 миң 400 сом болсо,
Кара-Балтада – 4,5 миң сомго барабар.