Бишкектеги мектептердин жанындагы жолдорго жасалма дөңчөлөр жасалууда.
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, учурда иштер
Фере, Огонбаев, Бөкөнбаев, Ибраимов, Буденный көчөлөрүндө жана Дордой-1,
Бакай-Ата конуштарында аткарылууда. Анда окуучулардын коопсуздугу үчүн
ылдамдыкты азайтып айдоого ылайыкталган жасалма дөңчөлөр менен катар
жол чийиндери түшүрүлүүдө. Эске салсак, республика боюнча окуучулар
15-сентябрь,келаткан шаршембиден тартып мектептен билим алышат.