Кыргызстанда 1-августтан тарта элге көмүр сатуу башталат

Кыргызстанда 1-августтан тарта бардык мамлекеттик отун сатуучу жайларда элге көмүр сатуу башталат.

Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, бийлик калкты отун менен үзгүлтүксүз камсыздоого аракет кылат.

Министр ошондой эле өлкө быйылкы кыштан кыйынчылыксыз өтөрүнө ишендирди.