Быйыл Бишкек ЖЭБине жергиликтүү көмүр гана колдонулат

Быйыл Бишкек ЖЭБине жергиликтүү көмүр гана колдонулат.

Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, бардык эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин мындай кадамга баруу чечими кабыл алынды.

Чиновник ошондой эле импорттук көмүргө коротулган каражат жылына 32 миллион доллардын тегерегинде экенин белгиледи.

Ал ишендиргендей, эми бул акча Кыргызстанда калат.

Белгилеп кетсек, күз-кыш мезгилине өтүү үчүн ордо калаанын ЖЭБине 1 миллион 650 миң тонна көмүр керектелет.