Кыргызстанда 1-июлдан тарта патент менен соода-сатык кылуу токтотулат

Кыргызстанда 1-июлдан тарта патент менен соода-сатык кылуу токтотулат.

 

Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей ишкерлер ага чейин салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек. Алсак, жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкага ылайык төлөнөт), бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын коюму жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.

 

Ошондой эле базарлар жана кичи базарлар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса анда 0,1% болот.