Бишкекке Белорусиядан алынып келинген автобустар линияга чыга баштады.
Мэриянын маалыматына ылайык, коомдук транспорт алгач №7 автобус каттамы менен жүргүнчүлөрдү ташып жатат.
Коомдук унаанын иши андан кийин №38 жана №42 автобустарда уланат.
Белгилеп кетсек, бул автобус Бишкекте үч ай сыналат.