Кыргызстанда жаштардын курагы өзгөрдү

Президент Садыр Жапаров «Жаштар тууралуу» мыйзамга кол койду.

 

Жогорку Кеңеш 21-июнда кабыл алган документке ылайык, эми жаштардын катарына 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар кирет. Буга чейин жаштар деп 28 жашка чейинкилер эсептелчү.

 

Улуттук Статком мурда маалымдагандай, өлкө калкынын көбөйүү фонунда жаштардын үлүшү азайганы байкалууда. Бул тенденция 1990-жылдардын аягында балдардын аз төрөлө башталганы менен шартталган.

 

Акыркы 10 жылда республикадагы жаштардын саны 30 пайыздан 24 пайызга чейин кыскарган.