Саламаттык сактоо министрлиги грантка тез жардам жана реанимация унааларын сатып алат

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына Евразия өнүктүрүү банкы 3 миллион доллар грант бөлөт.

Бул тууралуу министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, ведомство каражатты унааларды сатып алууга жумшоону пландоодо.

“Биз санитардык авиация кызматына 14 миң доллардан 70 унаа сатып алууга 1 миллион доллар коротууну көздөп жатабыз.

Азыр мындай 103 унаа бар, бизге 246 машина керек”, — деди чиновник.

Мекеме ошондой эле, 2 миллион долларга 50 миң доллардан 40 реанимобиль сатып алууну пландоодо.