Кыргызстанда 23-августта аза күтүү күнү жарыяланды

Кыргызстанда 23-августта аза күтүү күнү жарыяланды.

 

Президент Садыр Жапаров Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандык каза тапкан окуяга байланыштуу кайрылуу жасап, маркумдардын жакындарына көңүл айтты.

 

Эске салсак, Россияда кечээ катталган ири жол кырсыкта 16 адам каза болуп, алардын 14ү Кыргызстан жарандары экени такталды. Дагы үч адам оор абалда ооруканада.