Кыргызстанда “40 райондон – 40 демилге” долбоору башталат.
Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесинде кабыл алынды.
Долбоор өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында инновациялык долбоорлорду стимулдаштырууга жана илгерилетүүгө багытталат.
Анын алкагында республикалык бюджеттен 1 миллион сомго чейин бөлүнмөй болду.