Джонни Депп өзүнүн сүрөттөрүн сатуу менен кыйла көп каражат тапты

Белгилүү актёр Джонни Депп өзүнүн дебюттук сүрөттөр коллекциясын сатуудан дээрлик 3 миллион фунт стерлинг киреше тапты.

Би-Би-Синин маалыматы боюнча, Инстаграмда аукцион жарыялангандан бир нече саат ичинде эле Депп 780 картинасын саткан.

Сүрөттөрдүн арасында “Достор жана баатырлар” коллекциясындагы эмгектер бар.

Актёр анда ага дем берген адамдардын образын жараткан.

Бул, атап айтканда, гитарист Кит Ричардс, актриса Элизабет Тейлор же аткаруучу Боб Диландын портреттери.