Кыргызстанда 500дөн ашык кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат

Кыргызстанда 500дөн ашык кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат. Аны Дүйнөлүк банк каржылайт. Учурда 100дөн ашык бала бакча жана 30дай өнүктүрүү борборунда оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат.

 

Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар үч саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону тамак берилбейт жана балдар уктабайт.

 

Мындай мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 3-5 жаштагы 20-40 миңге чейин баланы тартуу пландалып жатат.