Кыргызстанда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат, анын 162си учурда оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.
Мектепке чейинки мекемелер ошондой эле эмеректер, оюнчуктар, окуу-методикалык куралдар менен камсыз болот. Мындан тышкары заманбап оюн аянтчалары менен жабдылат.
Жалпысынан долбоорлордо 3-5 жаштагы 20 миңден 40 миңге чейин балдарды камтуу пландаштырылууда.