Кыргызстанда айдоочуга салынуучу айыптын туумун алып салуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды

Кыргызстанда айдоочуга салынуучу айыптын туумун алып салуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды. Документти Министрлер кабинети сунуштап жатат.

 

Эгер ал жалпы парламентте колдоо таап, кабыл алынса, айыппулдун тууму жокко чыгарылат. Ошондой эле буга чейинки төлөнбөгөн туумдар дагы жоюлат.