Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,
Бишккек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу,
Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Красная Горка – Ак-Таш,
Казарман – Актал-Чат жана Каракол – Эңилек унаа жолдорунда
кар маасалары түшүшү ыктымал. Тоолуу аймактарда
жүрүүдө жарандарга этият болуу сунушталат.