Кыргызстанда 90дон ашык чиновник жасалма диплом алган деп шектелүүдө

Кыргызстанда 90дон ашык чиновник жасалма диплом алган деп шектелүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, алардын арасында депутаттар, ички иштер органдарынын, саламаттыкты сактоонун, министрликтердин жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери бар.

Мамлекеттик кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 9 адам өз каалоосу менен дипломун тапшырса, 16 адам өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

УКМК билими боюнча жасалма документ колдонгон аткаминерлерди өз алдынча кызматын бошотууга чакырат