Кыргызстанда аялдар жетекчилик кызматтардын үчтөн бирин гана ээлейт

Кыргызстанда аялдар жетекчилик кызматтардын үчтөн бирин гана ээлейт.

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

Ведомстводон белгилешкендей, республикадагы ишканалардын жетекчилеринин жалпы саны 700 миңден ашат.

Алардын 28 пайызын гана аялдар түзөт.

Жетекчиликте кыргызстандык аялдардын эң азы Баткен облусунда, эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында катталган.