Кыргызстанда акы төлөп унаалардын терезесин караңгылатууга уруксат берилди

Кыргызстанда акы төлөп унаалардын терезесин караңгылатууга уруксат берилди.

Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Айнектерди күңүрттөөгө канча каражат төлөнөрүн жана төлөм тартибин Министрлер кабинети аныктайт.

Эске салсак, мыйзам долбоорун өкмөт сунуштаган.

Ага ылайык, каалоочулар 30 миңден 50 миң сомго чейин төлөп, унаасынын алдыңкы эки капталындагы айнектерине тонировка чаптап алса болот деп айтылган.

Бирок уруксат жүк жана жүргүнчү ташуучу унааларга берилбейт.