Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 123 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, сакайгандар Бишкекте – 8,
Ош шаарында – 4, Чүй облусунда — 8, Ошто – 41, Таласта — 1, Нарында — 2,
Ысык-Көлдө – 12, Жалал-Абадда – 29 жана Баткен облусунда – 18.
Ушуну менен коронавирус жана пневмонияны жеңип
чыккандардын жалпы саны 43 миң 644кө жетти.