Ош облусунда дары-дармектин 6 айлык запасы бар.
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов билдиргендей,
учурда облуста коргонуу каражаттары жетиштүү деңгээлде. Ал 3 айга чейин жетет деп күтүлүүдө.
Аймакта күндүзгү стационар жана изолятордук дарылоо мекемелери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.