Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 17 адам айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 7, Ош шаарында 5, Нарында 4, Жалал-Абадда 1 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 675ке жетти.