Афганистандагы кыргызстандыктар эвакуацияланат

Афганистандагы кыргызстандыктар эвакуацияланат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги кадимки режимде иштеп жатат.

 

Министрлик менен элчилик Афганистанда убактылуу турган кыргызстандыктар менен дайым байланышта. Алардын коопсуздугун камсыздап, мекенине эвакуациялоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

 

Эске салсак, “Талибан” кыймылы Кабулга кирип келди. Акыркы маалымат боюнча, президент Ашраф Гани отставкага кетип, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.