Кыргыз-кытай инвестициялык фонду түзүлүшү мүмкүн

Кыргыз-кытай инвестициялык фонду түзүлүшү мүмкүн. Тиешелүү сунушту президент Садыр Жапаров көтөрдү. Өлкө башчы Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушууда билдиргендей, фонд экономиканын тиешелүү тармактарында жаңы долбоорлорду стимулдаштыруу максатында  түзүлүп, анын жалпы капиталы            1 миллард долларга жетет.

 

Ал чакан жана орто бизнес тармагындагы эки тараптуу долбоорлорду каржылоо багытында иштейт.