Кыргызстандыктарга шайлоочулар тизмесинен өздөрүн тактап алуу сунушталат

Кыргызстандыктарга шайлоочулар тизмесинен өздөрүн тактап алуу сунушталат.

Мындай кайрылууну БШК Жогорку Кеңешти шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында таратууда.

Мыйзамга ылайык, шайлоочулар тизмесине 18 жашка чыккан жана биометрикалык маалыматын

тапшыргандар гана киргизилет. БШКдан белгилешкендей, өлдө паспорттогу дареги менен

учурда жашап жаткан жери айырмаланган жарандар бар. Жеке маалыматтарды

иретке келтирүү үчүн кыргызстандыктар каттоо кызматтарына кайрылышы зарыл.