Бишкек жана Жалал-Абадда газ өчүрүлөт.
“Газпром Кыргызстан” компаниясынан билдиришкендей, көгүлтүр от 4-8-июлда ордо калаанын Жибек Жолу проспектисин, Махатма Ганди, Курманжан датка, Чоң Чүй каналы, Орозбеков, Боталиев, Щербаков көчөлөрүн бириктирген тилкеде жана Жалал-Абадда 6-7-июлда Осмонов, Шопоков, Куч көчөлөрүндө жок болот.
Убактылуу чектөөлөр күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү иштерине байланыштуу.